• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто биринчи жолу “Таэквон-до ITF” боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 04.03.23 /Кабар/. Бүгүн, 4-март күнү Ош шаарында 5-17 жаштагы спортчулар арасында “Таэквон-до ITF” боюнча Кыргыз Республикасынын кубогунун ачылышы болду. Бул туурадуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, “Таэквон-до ITF” федерациясынын президенти Юрий Тэн, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү катышты.

Турнирге өлкөнүн 7 облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 400гө жакын спортчулар катышууда.

Мелдештин максаты – дене тарбия жана спортту кеңири жайылтуу, Кыргызстанда спорттун ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү, мыкты таэквондочуларды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын курама командасын түзүү.

Турнирдин жеңүүчүлөрү быйыл Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өтө турган таэквон-до боюнча Борбордук Азиянын биринчи чемпионатына жолдомо алышат.

Белгилей кетсек, бул Кубок Ош шаарында биринчи жолу өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий