• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жол куруу жана оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Бишкекте жол куруу жана оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков район аймагындагы жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Свердлов районунун аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Карский тилкесинде Артемовская көчөсүнөн Заречная көчөсүнө чейин жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады. Фирсов көчөсүндөгү Ортотокой көчөсүнөн Новостройский көчөсүнө чейинки жолду асфальттоо үчүн жол бордюрларын орнотуу жана негиздерин даярдоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинин Үсөнбаев көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки (түндүк тарабы) тротуарды оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен белгилешкендей, эми тургундар Абдрахманов көчөсүн бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин жаңы тротуар менен баса алышат.

Кошумчалай кетсек, Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында учурда жолдорду капиталдык оңдоо иштери төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлүүдө:

- Гидростроитель көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин (Аламүдүн суусуна көпүрө куруу менен);
- Шабдан Баатыр проспектиси (Чүй проспектиси) Ауэзов көчөсүнөн Учкун конушунун аягына чейин.

Пикир

Оставить комментарий