• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Sports Awards-2023: Бишкекте Кыргызстандын мыкты спортчуларын сыйлоо аземи өттү

Спорт 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын мыкты спортчуларын сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мыктыларды сыйлоо Sports Awards-2023 иш-чара Topsort.kg басылмасы тарабынан уюштурулган. Анын жүрүшүндө спорттун параолимпиадалык, сурдиолимпиадалык, олимпиадалык, олимпиалдык эмес, спорттун улуттук түрлөрү боюнча жылдын мыктылары аныкталды.

Спортчуларга атайын стауэтка, диплом жана атайын белектер тапшырылды. Ошондой эле Марат Саралинов атындагы акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Паралимпиадалык спорттун түрү боюнча:

  • “Мыкты спорчу айым” – Хайитхон Хусан кызы (пара дзюдо);
  • “Мыкты спорту” – Жалалидин Абдувалиев (пара триатлон);
  • “Мыкты машыктыруучу” – Канат Имянов (пара дзюдо).

Сурдолимпидалык спорттун түрү боюнча:

  • “Мыкты спортчу айым” – Шахида Амирова ( таэквондо);
  • “Мыкты спорчу” – Смадияр Жумкадыров (грек-рим күрөшү);
  • “Мыкты машыктыруучу – Фархад Ушуров (грек-рим күрөшү).

Олимпиадалык спорттун түрү боюнча:

  • “Мыкты спортчу айым” – Сардана Трафимова (жеңил атлетика);
  • “Мыкты спортчу” – Сейитбек Мунарбек уулу (бокс);
  • “Мыкты машыктыруучу” – Абдужалил Юнусов (дзюдо).

Олимпидалык эмес спорттун түрү боюнча:

  • “Мыкты спортчу айым” – Аделя Асылбек кызы (Тайбокс);
  • “Мыкты спортчу” – Жамалбек Асылбек уулу (самбо);
  • “Мыкты машыктыруучу” – Азамат Казакбаев (самбо);
  • “Мыкты волейболчу” - Оңолбек Каныбек уулу;
  • “Мыкты улакчы”- Өмүрбек Эсен уулу;
  • “Мыкты мушкер ММА” – Мыктыбек Оролбай уулу;
  • “Мыкты федарация” – Күрөш федарациясы;
  • “Мыкты телеканал” – УТРК жана УТРК СПОРТ;
  • “Биздин доордун мыкты спортчусу” – Каныбек Осмоналиев;
  • “Ийгиликтүү өнүгүп келе жаткан федарация” – теннис;
  • “Спортко кошкон салымы үчүн” – Ахрор Иминов.

Дзюдочу Эрлан Шеров менен кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөсү Айпери Медет кызына Марат Саралинов атындагы ачкалай сыйлык ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий