• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: "Барселона" командасы "Славияны" 2:1 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 3-турунда "Барселона" клубу "Славия" командасын 2:1 эсебинде утуп алды.

"Синобо" стадионунда өткөн оюнда алгачкы голду Лионель Месси оюндун 3-мүнөтүндө киргизди. Испаниялык клубдун дагы бир оюнчусу Питер Олайинки оюндун 57-мүнөтүндө тепкен тобу голго айланды.

Ал эми, "Славиянын" оюнчусу Ян Борил беттештин 50-мүнөтүндө өз командасына жалгыз голду алып келди.

Эки команда F тайпасында орун алган. "Барселона" 7 упайы менен биринчи орунга чыкты. "Славия" 1 упайы менен акыркы орунга жайгашты.

Белгилей кетсек, Чемпиондор лигасынын 3-турунда дагы бир катар оюндар болуп өттү. Алар "Аякс" менен "Челси" (0:1), "Лейпциг" менен "Зенит" (2:1), "Наполи" менен "Ред Булл" (3:2), "Генк" менен "Ливерпуль" (1:4), "Интер" менен "Боруссия" (2:0), "Лилль" менен "Валенсия" (1:1), "Бенфика" менен "Лион" (2:1) клубдары беттешти.

Пикир

Оставить комментарий