• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мушкер Адилет Нурматов ММА боюнча дүйнө биринчилигинде коло медалды тагынды

Спорт 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Адилет Нурматов ММА GAMMA 2019 аталышындагы дүйнө биринчилигинде үчүнчү орунга татыды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланды.

Мелдеш 18-23-ноябрда Сингапур өлкөсүндө өтүп, ага 43 мамлекеттен 223 мушкер катышты.

Нурматов 70,3 кг чейинки салмак ченинде катышып, коло медалдын ээси болду. Ал эми, мелдештин алтын медалын россиялык спортчу алса, күмүштү индиялык мушкер жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий