• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 5 унаа берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Талас облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 5 унаа берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМ тарабынан Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 5 даана жаңы “Шевроле-нексия” үлгүсүндөгү кызматтык унаа жана 3 даана ылдамдык өлчөөчү радар берилди.

Талас облустук милициясынын башчысы Марлис Асанов унааларды тапшырып жатып: “ИИМ тарабынан материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында жакшы көңүл бөлүнүп, шарттар түзүлүп жатат. Биздин милдет чынчыл иштеп, жол кырсыктарын болтурбоого аракет кылуу, жол кыймылындагы укук бузуулар менен күрөшүү. Жакшы түзүлгөн шарт натыйжалуу иштөөгө өбөлгө түзөт. Андыктан, сиздерден сапаттуу жана ийгиликтүү кызмат өтөөнү күтөм. Берилген кызматтык мүлктөргө татыктуу аяр мамиле кылып, күнүмдүк жумушта натыйжалуу колдонот деп ишенем”, - деди.

Ачкычтар алынган соң унаалардын абалы кароодон өткөрүлүп, бекитилген жол сакчылар унааны кабыл алышты. Унаалар милицияга керектүү заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, талапка жооп берет. Күйүүчү майды сарптоо жагынан да үнөмдүү, ыңгайлуу экендиги аныкталды. Бир унаа Талас райондук ички иштер бөлүмүнө жол кыймылын көзөмөлдөөгө жана калгандары талдоонун негизинде, муктаждыкка жараша башка аймактарга берилет.

Себеби, Талас районунда эң көп жол кырсыктары катталат жана узундугу боюнча дагы облустун дээрлик көп чакырымын ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий