• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 157 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 157 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө облустун аймагындагы кооптуу тилкелерде жалпысынан 1 миң 286 кожолук жашайт. Кооптуулукту жоюу максатында 1 миң 170 жолу жеке жарандарга жана айыл аймак башчыларына атайын эскертме берилген.

Ушул жылдын 10-апрелине карата 5 үй-бүлө толук, 157 үй-бүлө убактылуу жайларга көчүрүлгөн. Берилген эскертүүлөргө карабай жашап келе жаткан 35 үй-бүлөнүн иши сот органдарына өткөрүлгөн.

Облустун үч айлык жыйынтыгын чыгарган коллегияда облус башчысы Абсаттар Сыргабаев ар бир жарандын өмүрү кымбат экенин айтып, жумуштарды тездетүү керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий