• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызматтык иликтөөлөрдүн жана текшерүүлөрдүн натыйжасында 21 бажычы тартип жоопкерчилигине тартылды

Коом 0

Бишкек, 29.04.21 /Кабар/. Кызматтык иликтөөлөрдүн жана текшерүүлөрдүн натыйжасында 21 бажы кызматкери тартип жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-кварталында Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөөлөр жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан өздүк курам арасында Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иш туруктуу негизде жүргүзүлүп келүүдө.

"2021-жылдын 1-кварталында бажы кызматкерлери арасында кызматтык жана эмгек тартибин бузуулар аныкталды, 32 бажы кызматкерине карата 22 кызматтык иликтөө жана кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада бажы кызматынын 21 кызматкери тартип жоопкерчилигине тартылды”, - деп айытлат маалыматта.

Алардын ичинен:

- оозеки эскертүү - 1;

- эскертүү - 1;

- сөгүш - 13;

- катуу сөгүш - 3;

- кызмат ордунан бошотулган – 1;

- кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү-2.

Ошол эле учурда, 2021-жылдын 1-кварталында Мамлекеттик бажы кызматынан 120 жаран кайрылган, анын ичинде “www.customs.kg” жана “doverie@customs.gov.kg” электрондук порталындагы консультативдик маселелер боюнча 4 жаран кайрылган.

Мындан тышкары, “ишеним телефону” аркылуу күнү-түнү келип жаткан маалыматтарды кабыл алуу жана эсепке алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, ал аркылуу отчеттук мезгил ичинде кеңеш алуу мүнөзүндөгү 64 телефон чалуулар жана 1 арыз келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий