• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айтылуу Зардалы айылына электр энергиясы тартылат

Аймак 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы айылына электр энергиясы тартылат. Бул тууралуу "Ошэлектр" ишканасынан билдиришти.

"Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айтмамат Назаров менен "Ошэлектр" ишканасынан башкы директору Артур Жусуев Зардалы айылына барып, жергиликтүү эл менен электр энергиясын тартуу маселесин сүйлөшүшкөн.

"Ошэлектр" ишканасы билдиргендей, Зардалы айылында 2 көмөк чордону жана узундугу 10 чакырым болгон жогорку вольттуу линия (10 кВ) салынат. Ошондой эле айылдан 4 чакырым алыстыкта жайгашкан чек ара заставасында да электр зымдары (0,4 кВ) тартылат. Жумуштар аяктаганга чейин Зардалы айылынын тургундарына 20 күн батареясы убактылуу колдонууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий