• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунун башчысы Барскоон – Каракол жолунун абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев Барскоон – Каракол автожолунда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Белгилей кетсек, бул инфраструктуралык долбоордун ишке ашуусунун натыйжасында транспорттук каттамдардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу камсыздалып, ошондой эле региондун экономикасын жана туристтик потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле облус жетекчиси Барскоон айылынын карьери жана курулуп жаткан таш майдалоочу комплексинде болуп, сапаттуу жана экологиялык стандарттарга жооп бере турган материалдарды чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий