• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 27,1 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 27 млн 115 миӊ 56 адам коронавируска чалдыкты. Алардын ичинен 889 миӊ 37 адам каза болду.

Илдетке эң көп АКШ – 6 277 004 (каза тапкандар – 188 941), Индия – 4 204 613 (каза тапкандар – 71 642), Бразилия – 4 137 521 (каза тапкандар – 126 650), Россия – 1 027 334 (каза тапкандар – 17 818), Перу – 689 977 (каза тапкандар – 29 838), Колумбия – 666 521 (каза тапкандар – 21 412) Түштүк Африка Республикасы – 638 517 (каза тапкандар – 14 889), Мескика – 634 023 (каза тапкандар – 67 558), Испания – 498 989 (каза тапкандар – 29 418), Аргентина – 478 792 (каза тапкандар – 9 859) адам кабылган.

Пикир

Оставить комментарий