• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АӨБ жана КР СӨПтүн өкүлдөрү жаңы Салык кодексинин редакциясын талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) өкүлдөрү жаңы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулашты.

АӨБнын өкүлдөү жаңы өзгөртүүлөрдүн алкагында тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен жолугушууларды өткөрүү максатында Соода-өнөр жай палатасына келишкен.

КР СӨП бизнес-коомчулуктун ишмердүүлүгүнө тиешелүү бир катар суроолорго жооп берди.

"АӨБ изилдөө жүргүзүүнү жана бизнес-коомчулук салык салуунун жаңы редакциясына кандай реакция кылганын түшүнүүнү, ошондой эле Соода-өнөр жай палатасынын аянтчасында бардык ишкерлерди чогултууну жана салык системасы боюнча алардын пикирлерин-сунуштарын угууну сунуш кылды. Банктын өкүлдөрү бизнесмендердин пикирин билүүгө жана зарыл болгон учурда мындан аркы иш үчүн шарттарды түзүүгө жардам берүүгө ниеттенишет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий