• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кумтөр 2023-жылы Кыргызстандын бюджетине 17,2 млрд сом которду – Барыктабасов

Экономика 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Кумтөр кен жайынын жетекчилиги жана жалпы кызматкерлери менен жолугушту.

Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, өткөн жыл «Кумтөр Голд Компани» үчүн ийгиликтүү болду.

«Компания республикалык бюджетке 17 млрд 241 млн 71 миң сом которду. Бул силердин күжүрмөн эмгегиңердин акыбети. Кумтөрдөгү иш ыргагын бир калыпта кармап, күнү-түнү тынбай иштеп, өлкө казынасына олуттуу салым кошуп жаткан эмгегиңер үчүн ыраазычылык билдирем», – деди ал.

Ошондой эле компаниянын жетекчиси Кумтөр кен жайындагы жер астынан алтын казуу долбоору тууралуу да кенен маалымат берип, бул ыкма алтын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жардам берерин кошумчалады.

"Мындан тышкары Тоголок алтын кенин иштетүү, Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо жүргүзүү 2024-жылдагы эң негизги жумуштар болот. Бул жана башка долбоорлор ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүгө, алтын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана рентабелдүүлүктү жогорулатууга багытталган», - деди Барыктабасов.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кумтөр кен жайынын кызматкерлери «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилигине кызыккан суроолорун берип, аларга ар тараптуу жооп ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий