• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматкерлери бажы наркын жана төлөмдөрүн аныктоо боюнча курстардан өттү

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-23-ноябрында Бажы кызматынын 8 кызматкери “Бажы наркын жана бажы төлөмдөрүн аныктоо” темасы боюнча курстан өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окутуу Бишкек шаарындагы ЕККУнун программалык офисинин көмөгү менен Адистештирилген окутуу бажысынын базасында өттү.

Семинарды өткөрүүдө Россия бажы академиясынын лектору - Ольга Сокольникова тартылган. Курсту аяктаганда бажы кызматкерлерине тастыктамалар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий