• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Самат Абдырахманов россиялык HARDCORE MMA мелдешинин финалына чыкты

Спорт 0


Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. “Кыргыз” каймана аты менен таанымал Самат Абдырахманов россиялык HARDCORE MMA мелдешинин экинчи сезонунун финалынан чыкты. Бул тууралуу аталган иш-чаранын расмий сайтында айтылат.

Абдырахманов казакстандык Амхад Жанчураев менен беттешип, калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңишти илип кетти.

Hardcore Fighting — бул муштум менен мушташа турган профессионалдык лига. Беттеш 2 мүнөттөн үч раундга созулуп, мушкерлер колкап кийбестен таймашат.

Белгилей кетсек, мелдештин биринчи сезонунда 5 миң мушкердин ичинен 100 адам тандалып алынып, чемпион аталган адамга 1 млн рубль жана Hardcore Fighting куру берилген.

Пикир

Оставить комментарий