• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысы 30-январдан тарта көтөрүлмөй болду

Коом 0

бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Бишкекте 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, токтомдун долбооруна БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев бүгүн кол койгон. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ошентип, 30-январдан тарта накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.

Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий