• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы "Кыргызкөмүр" ишканасы тарабынан 1,3 млн тонна көмүр казылган

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы 2023-жылы планда каралган 750 миң тонна көмүрдүн ордуна 1 млн 323 миң тонна көмүр казды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, калкты арзан көмүр менен камсыздоо багытында Бишкек шаарында 6 көмүр кампасы уюштурулса, республика боюнча ири шаарларда жалпысынан 42 көмүр кампалары ачылган.

"Бул көмүр кампаларынын ачылышы элге пайдалуу болду. Көмүрдүн тоннага болгон баасын 2500 сомдон 5000 сомго чейин аныктап, калкка сунушталып, учурда баа туруктуу кармалууда", - деп айтылат маалыматта.

Мекеменин негизги көмүр карьери Кара-Кечеде иш ирээтке келтирилип, 28 видеокөзөмөл орнотулду. Негизи Кара-Кечедеги чыр-чатактар кезектен улам чыгып келген. Жыйынтыгында айдоочулардын кезекке туруу маселеси ирээтке келтирилди.

2024-жылдын 1-январынан тартып, коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоо максатында Кара-Кечеде накталай эмес төлөмдөр, же электрондук төлөмдөр ишке киргизилди.

Буга чейин ишканада 1 лицензия менен Кара-Кече көмүр кени гана иштеп келсе, соңку жылы кошумча чалгындоо жана көмүр кенин иштетүү үчүн 16 лицензия алынды.

Ошондой эле инвесторлор менен иш алып баруу жолго коюлуп, карьерлерде тоо-кен тармагына ылайыкталган 120 оор техника иштеп жатат. Жумушчулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Учурда көмүр тартыштыгы жок.

Пикир

Оставить комментарий