• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында Жеңиш күнүн утурлай согуш ардагерлерине 100 миң сомдон берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Жеңиш майрамынын алдында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы президент Садыр Жапаровдун согуш ардагерлерине 100 миң сомдон майрамдык белектерин тапшырып, аларды улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Учурда Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери бар. Алар: Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну 98 жаштагы Сатынды Жапаров, Кара-Суу айылынын тургуну 98 жаштагы Тапа Керимкулов жана Нарын шаарынын тургуну 101 жаштагы Тукеш Токтомушевдер.

Пикир

Оставить комментарий