• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Терек-Сайда мыйзамсыз сурма казуу боюнча 4 факт катталган

Коом 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Чаткал районундагы Терек-Сай участкасында бейбаштык боюнча 2 факт, ал эми сурманы мыйзамсыз казуу боюнча 4 факт катталган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеӊеште Терек-Сайдагы болгон чуулгандуу окуя боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

Асановдун маалыматы боюнча, ошол себептен улам ал жерге ИИМдин «Шумкар» тобунан жана райондук милиция кызматкерлеринен турган эки пост уюштурулган.

Анын айтымында, 5-ноябрь күнү жергиликтүү бир тургун корголгон аймакка уруксатсыз кирип кетип, посттогу кызматкерлер тарабынан кармалган.

«Ал адамга түшүндүрүү чаралары жүргүзүлгөндөн кийин аймактан тышкары коё берилген. Ал айылына барып, 15 адам менен кайтып келип, милиция кызматкерлерин сабаган. Анын натыйжасында «Шумкар» тобунун 3 мүчөсү оор жараат алып, азыр ооруканада дарыланууда. Ушу тапта ошол окуяга байланыштуу 15 адам кармалды», - деди Асанов.

Андан тышкары, ошол окуянын алкагында эи берене – "Бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий