• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы жаңы төрөлгөн төрт эмге 100 миң сом сүйүнчү берди

Аймак 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-май күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облустук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эм ымыркайдан кабар ылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы ымыркайлардын ата-энесин куттуктап, 100 миң сом сүйүнчү берди.

Белгилей кетсек, 2-майда Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну төрт эм ымыркайларды жарыкка алып келген.

Учурда ымыркайлардын жана энесинин абалдары жакшы жана үйүнө чыгарылды. Алардын ден соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Пикир

Оставить комментарий