• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадырбаевдин эл менен жолугушуусу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 24.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 24-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Манас-Ата” жана “Алымбек-Датка” аймактык кеңештеринин тургундары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар өз көйгөйлөрүн шаар жетекчисине айтып, маселелерге Айтмамат Кадырбаев жеринде жооп берди,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, А.Кадырбаев өткөн 2017-жылдагы аткарылган иштер жана алдыда аткарыла турган иш аракеттер тууралуу элге маалымат берди.

Жыйынга шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери да катышып, ар кандай маселелер боюнча жеринде тапшырмаларды алышты.

Пикир

Оставить комментарий