• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ башчысынын орун басары Нарын облусундагы кооптуу аймактарды кыдырып чыкты

Аймак 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 11-12 декабрь күндөрү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Нарын облусундагы кооптуу аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу багытында, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн иш сапарда болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Шамырканов алгач Кочкор районунун Теңдик айылындагы жер алдындагы суулардын деңгээлинин жогорулоосу, турак-жайларга тийгизген терс таасирлеринин кесепеттери менен жеринде таанышты.

Андан соң министрликтин 2021-жылдагы “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” мерчемине сунушталган Төлөк айылынын Боз участкасындагы сел алып өтүүчү каналынын абалын карап чыкты.

Мындан тышкары, министрдин орун басары төмөнкү кооптуу делген обьектилерде болду:

- Нарын шаарынын Ак-Коргон, Чыргайлуу, Көлмө, Үңкүр, коктулардагы сел түшүүчү кооптуу аймакта;

- Чаек айылынын Май-Кокту, Кашка-Терек, Чукур коктуларынан күтүлүүчү сел коркунучу бар аймактарда;

- Миң-Куш айыл аймагында жайгашкан калдык сактоочу жайларда.

Ошондой эле Шамырканов Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын Чолок-Терек участкасындагы министрликтин “Сел, суу ташкындарынан коргоо” агенттигинин балансында турган коргоочу курулманын абалы менен жеринен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий