Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга жардам берүү максатында билим берүү мекемелеринде да жатакана, тамак-аш уюштурулуп жатканын маалымдайт.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Баткенден чыккан жарандар жатакана үчүн Ош шаардык билим берүү бөлүмүнө төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:
- ОшМУ - 555 01 54 02;
- ОшТУ - 0777 14 41 24;
- КУУ - 0553 24 02 50;
- ОМПИ - 0778 36 11 37;
- Ош соода-экономикалык колледжи - 0500 73 13 54;
- Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы - 0778 24 00 10.
"Андан сырткары, Баткен облусундагы билим берүү мекемелеринде кечээтен бери күтүүсүз окуядан улам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон мекендештер үчүн 10 мектеп жана 8 бала бакчага элдер жайгаштырылды. Кызыл-Кыя, Кадамжайда эвакуацияланып келгендер мектептин спорттук залдарына жана бала бакчаларга жайгаштырылып, мугалимдер жана кызматкерлер жардам беришүүдө", - деп айтылат Билим берүү министрлигинин маалыматында.
Пикир
Оставить комментарий