• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак районунун борбордук аянтынын эскиздик долбоору иштелип чыкты

Аймак 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Сузак районунун борбордук аянтынын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эскиздик долбоор Сузак районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Ошондой эле аталган райондун Ырыс айыл өкмөтүнүн Күмүш-Азиз айылындагы "Курманбек кылымдар мурасы" триумфалдык арканын жанындагы муниципалдык жер тилкеге аллеянын эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий