• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байма-бай өткөн митингдер туристтер менен инвесторлорду качырат – Суракматов

Коом 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында өткөн митинг келген туристтер менен потенциалдуу инвесторлорду качырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Мэр белгилегендей, аларга бир нече туристтер митингден чочулап калганы тууралуу маалымат түшкөн.

"Көптөр Караколдогу тоо лыжа базасына баруудан баш тартышты. Алдыда митингдер болот деп инвестиция тартуудан чочулаган компаниялар бар. Каршылык акциялары Бишкек экономикасынын өсүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени митинг жана башаламандыктар тобокели бар жерде инвесторлор акча жумшоодон чочулашат", - деди ал.

Суракматов коомчулукту келечекте митинг өткөрүүгө каршы чыгууга, өзүнүн талаптары тууралуу башка жолдор менен билдирүүгө чакыруу керек деп эсептейт.

"Бүгүн 15-берененин тынчтык митингин өткөрүү тууралуу талаптары бузулду. Себеби коңшу мамлекетке каршы жана башка чакырыктар болду. Биз митингди уюштурган адамдардын аракетин кескин сынга алышыбыз зарыл", - деп кошумчалады мэр.

Ал белгилегендей учурда митингге катышкандар шаарга келтирген чыгым эсептелүүдө.

"Көп таштанды калды. Андан тышкары анча чоң эмес зыян келтирилген, гүлдөр өстүрүлгөн жерлер тебеленген, фонтандарга кишилер отурган. Эртеңки күнгө чыгымдар эсептелип бүтөт", - деди Суракматов.

Ошондой эле мэр жумуштан кийин да калып иштөөгө мажбур болгон "Тазалыктын" кызматкерлерине сыйлык акы берүүнү караштырарын убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий