• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштары кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-августта Чолпон-Ата шаарында КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн “Келечек” жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына туш келип, ал Кыргызстандын 2022-жылы ЕАЭБге төрагалыгынын алкагында өтүүдө.

Жаштар форумунун алкагында бир катар сессиялар өтүп, анда чыгармачыл жаштардын өкүлдөрү эки тарапка тең пайдалуу кызматташуу боюнча өз идеяларын жана сунуштарын айтышты.

"Бардык мезгилде жаштар коомдун эң чыгармачыл бөлүгү катары мүнөздөлүп келген, бирок акыркы мезгилде КМШ жана ЕАЭБ мейкиндигин санариптештирүү шартында улуттук дүң продуктуну калыптандырууда жана өлкөнүн имиджин көтөрүүдө креативдүү индустриалардын мааниси чоң болуп чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрү эмгек рыногунда уламдан-улам суроо-талапка ээ болууда", - деп айтылат маалыматта.

Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар арасында келечектүү билимдерди жана көндүмдөрдү алуу аркылуу инновацияларды жана санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү маселелери талкууланды.

Ал эми эксперттер КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санариптик трансформация процесстерине жаштарды тартуу, адамдык ресурстарды өнүктүрүү, инфраструктураны жана өлкөлөрдүн инновациялык потенциалын чыңдоого багытталган шайкеш жогорку натыйжалуу стандарттарды түзүү жагынан кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана ыкмаларына токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий