• 88.68
  • 95
  • 0.95

Футбол боюнча жаштар жана өспүрүмдөр курамаларынын башкы машыктыруучулары бекитилди

Спорт 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин Аткаруу комитетинин жыйыны болуп өттү.

КФСтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, отурумдун бекитилген күн тартибине ылайык, КФСтин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелер каралды. Негизги маселенин бири Кыргыз Республикасынын жаштар, өспүрүмдөр жана кыз-келиндер курама командаларынын башкы машыктыруучуларын бекитүү болду.

Аталган суроого ылайык төмөндөгүлөр курамаларды жетекчилигине алды:

  • Лисицын Максим Павлович – U-23 олимпиадалык курамасынын башкы машыктыруучусу
  • Эшенов Мирлан Байышбекович - U-20 жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу
  • Жолдошев Нурбек Кадырбекович - U-18 өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу
  • Никитин Игорь Анатольевич - U-17 өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу
  • Бауэр Александр - U-16 өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу
  • Шаршеев Санжар Тургунбекович - U-15 өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу
  • Закиров Нематжан Талипжанович – кыз-келиндер Улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу

Андан сырткары, жыйындын жүрүшүндө КФСтин 2024-жылга болгон иш-чаралардын реестри менен жүгүртмөсү жана бул жылы КФС эгидасы алдында өтө турган турнир менен мелдештердин регламенттери бекитилди.

Ошондой эле, Аткаруу комитетинин мүчөлөрү 2024-жылы КФС эгидасы алдында өтө турган чемпионаттарда ойногон клубдардагы легионерлер боюнча лимитин бекитишти.

Пикир

Оставить комментарий