• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматы: 1-апрелден тарта жеке колдонуу үчүн товарларды алымсыз ташып келүүнүн босоголору өзгөрүлөт

Экономика 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. 2024-жылдын 1-апрелинен тарта жеке колдонуу үчүн товарларды алымсыз ташып келүүнүн босоголору өзгөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдайт.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы №107 чечимине ылайык:

коштоочу жана (же) коштолбогон жүктө аба транспортунан же жөө өтүү тартибинен тышкары транспорттук каражаттар менен менен ташылып келинген жеке колдонуу үчүн товарларга карата алымсыз ташып келүү ченемдери төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталат:

- 2024-жылдын 1-апрелинен тартып – наркы 500 евро эквивалентинен жана (же) салмагы 25 кг ашпоого тийиш.

эл аралык почта менен ташылып келүүчү жана ташуучу тарабынан жеткирилген жеке колдонуу үчүн товарларга (экспресс жүк) алымсыз ташып келүү ченемдери төмөнкү өлчөмдөрдө аныкталат:

– 2024-жылдын 1-апрелинен тартып – наркы 200 евро эквивалентинен жана (же) салмагы 31 кг ашпоого тийш;

Эскерте кетсек, босого 2022-жылдан тарта чет элдик интернет-дүкөндөрдөн жеке колдонуу үчүн товарга буйрутма берген жарандарды колдоо максатында убактылуу көтөрүлгөн.

2024-жылдын 1-апрелине чейин босого жүк ташуучу же почта аркылуу ташылган жүк үчүн 1000 еврону, аба транспорту же жөө өтүү тартибинен тышкары, бардык транспорт каражаттары аркылуу жүк менен алып кирүүчү товарлар үчүн 1000 еврону түзөт.

Ушуга байланыштуу, чет элдик интернет-дүкөндөрдөн жеке колдонуу үчүн товарларды сатып алууда, ошондой эле мындай товарларды алып өтүүдө белгиленген маалыматты эске алуу маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий