• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда органикалык өндүрүшкө 1 млрд сом каралууда

Экономика 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө 1 млрд сом каралууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражат "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя, лизинг берүү жана каржылоо жолу менен агроөнөр жай кластерлерин: сүт, эт, кант, тоок жумурткасы, жашылчалар, мөмө-жемиштер, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрү, балык, пахта, жүн жана тери, бал, буурчак өсүмдүктөрү, жаңгак мөмөлүү өсүмдүктөрү (грек жаңгагы жана токой продукциясынын башка түрлөрү) жана органикалык өндүрүштү өнүктүрүү аркылуу агрардык сектордун чарбакер субъекттерин колдоого багытталат.

Өз кезегинде бул өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, агрардык секторго мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү жана КР президентинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатат.

Маалымат үчүн: Органикалык өндүрүштүн кластери – бул кошумча нарк чынжырынын катышуучуларын жана органикалык өндүрүштүн стандарттарына жана эл аралык стандарттарга (Global GAP, HACCP, ISO) байланыштуу жол-жоболорду чыгарган же өтүп жаткан айыл чарба субъекттерин камтыган бирикме.

Пикир

Оставить комментарий