• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаштар арасындагы экстремизмге каршы аракеттер талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда «Учурдагы Кыргызстандагы жаштар арасындагы экстремизмге каршы аракеттер» аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын максаты жаштар арасында экстремизмдин жайылышын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп эсептелет.

Иш-чараны И.Арабаев атындагы КМУнун жетекчилигинин демилгеси менен КР Коопсуздук кеңеши жана Ички иштер министрлиги биргеликте уюштурду.

Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелерди жаштар менен бирге талкулоону көздөгөн тегерек столго Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, президенттин администрациясынын Реформаларды иштеп чыгуу, мониторинг жана анализдөө бөлүмүнүн башкы эксперти Замир Турсунбеков, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Манас Аманбаев, Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясынын Экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов катышты.

Алар Кыргызстандын экстремизмге жана терроризмге каршы жүргүзгөн мамлекеттик саясаты, ченемдик-укуктук актылары, бул багыттарда укук коргоо органдары, анын ичинде Ички иштер министрлиги тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.

Иш-чаранын аягында студенттер менен келген коноктор арасында суроо-жооптор берилип, кенен маек курулду.

Пикир

Оставить комментарий