• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Тажикстандын агрессиясы. Россиядагы элчилик кыргыз мигранттарын сабырдуулукка чакырды

Коом 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 17-сентябрында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат регионалдык (шаардык жана райондук) кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, элчи жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын шартында башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен чыр-чатактарды болтурбоо максатында Россиянын аймагында жүргөн жаштар арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Аксакалдар жана кыргыз диаспора уюмдарынын лидерлери сабырдуу болууга, чагымчыл аракеттерге алдырбоого, анын ичинде ар кандай маалыматтык чакырыктарга адекваттуу жооп кайтарууга чакырышты.

Мындан тышкары, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган Кыргызстандын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Элчилик өз кезегинде Россия Федерациясындагы бардык мекендештерди сабырдуулукка, Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна доо кетире турган ар кандай маалыматтарды таркатпоого жана чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий