• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Замирбек Базарбаев Түркиянын элчиси Ахмет Доган менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы кызматташуу, сот реформасы, сот тутумун санариптештирүү боюнча маселелер козголду.

Мындан тышкары, бирдиктүү соттук тажрыйбаны ишке ашыруу жаатындагы Түркия менен Кыргызстандын сот системасында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу дагы пикир алышышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн сотторунун ортосунда кызматташтыкты жана ар тараптуу байланыштарды бекемдөөгө кызыктар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий