• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин батыш тарабында 15-мартта ичүүчү суу убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Бишкектин батыш тарабында 15-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Абакан, Дэн Сяопин, Кустанай, Волковая көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймак суусуз калат.

"Киркомстром" суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо иштерге байланыштуу таза суу өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий