• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жыл башынан бери дайынсыз жоголгон сегиз өспүрүм табылган

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бишкекте жыл башынан тартып милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан адашып же жоголуп кеткен сегиз өспүрүм табылып, ата-энелерине аман-эсен өткөрүлгөн.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, адашып жүргөн өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү кароосуз калып, ойноп жүрүп, үйүн таппай калган фактылар.

Мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө үчүн Милициянын кайгуул кызматы жаш балдарды кароосуз калтырбоого чакырат.

Ошондой эле көчөдөн адашып жүргөн өспүрүмдөрдү көргөн учурда тезинен "102" кызматына же Милициянын кайгуул кыматынын 0509102122 номерине тезинен кабарлоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий