• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин жергиликтүү бийлик тарабынан жарандар менен жолугушууларды өткөрүү жөнүндө тапшырмасын аткаруу боюнча кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушууларын өткөрүү жөнүндө тапшырмаларын аткаруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Кеңешмеге президенттин администрациясынын кызматкерлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Айбек Жунушалиев жетекчилерге коюлуп жаткан негизги талап — массалык маалымат каражаттарында жарыяланган график боюнча жергиликтүү эл менен жолугушуунун күнүн жана ордун так сактоо керектигин белгиледи.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча протоколдор жер-жерлерде кабыл алынган тапшырмалардын аткарылышын кийинки көзөмөлгө алуу үчүн президенттин Администрациясына жөнөтүлөт.

Эске салсак, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери 11-апрелден 22-апрелге чейин аймактарды кыдырып, жер-жерлердеги курч көйгөйлөрдү ыкчам кароо, орун алган маселелерди чечүү максатында өлкө жарандары менен жолугушууларды өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий