• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскер прокуратурасы баалуу металдарды сатып жиберген жетекчини камакка алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Аскер прокуратурасы аскердик радиолокациялык станциянын баалуу металдарын сатып жиберген жетекчини камакка алды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

КР Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин аскер бөлүкторүнүн биринде аскердик мүлктөрүнүн сакталуусу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, сакталуудагы “Терек” комплексинин радиоэлектрондук аппаратураларында орнотулган кымбат баалу металдар (алтын, күмүш, платина, палладий) камтыган 407 даана 2 млн. 112 миң сомдук платалардын жоктугу аныкталды.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 210-беренелери ("Кызмат абалын каянаттык менен пайдалануу, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголду.

Аскер прокуратурасы тарабынан аталган аскер бөлүгүнүн командири Р.Я. Кыргыз Республикасынын УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда кармалып, камакка алынды.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка жоопту кызмат адамдарын аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий