• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Атада автомектептин курсанты экзамен учурунда мини-видео камера колдонгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Күн мурун "Унаа" мекемесинин Ысык-Ата бөлүмүнүн кызматкерлери дагы бир тапкыч курсантты аныкташты.

Жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча теориялык тест тапшыруу учурунда 2001-жылы туулган курсант Т.А.З. мини-камера колдонгон. Ал футболкасын тешип, камераны кийимдин ичине жабыштырган.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

"Унаа" мекемеси айдоочулук күбөлүк алууга талапкерлерди жолдо жүрүү эрежелерин үйрөнүп, өз билимине гана таянууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий