• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Өзбекстан темир жолдору" холдинг компанияга айланат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Өзбекстандын президенти 25-сентябрда өткөн жыйында темир жол тармагындагы реформалардын ыргагы башка тармактардагы реформалардан артта калып жатканын жана бул багытты түп-тамырынан өзгөртүүгө мезгил келгенин билдирди.

Мамлекет башчы "Өзбекстан темир жолдору" акционердик коомун холдингге айландыруу жана системага заманбап менеджмент киргизүү сунушун жактырды. Ага ылайык, инфраструктура, жүргүнчүлөрдү ташуу, станцияларды башкаруу, жүк вагондору жана логистика өзүнчө ишканаларга бөлүнөт.

Жыйындын жүрүшүндө жайында 30га жакын "эскиче иштеген жана демилгесиз" жетекчи алмаштырылып, натыйжасыз кызматкерлер кыскартылганы айтылды.

Мирзиёев жүк станцияларын шаарлардын сыртына жылдыруу мүмкүнчүлүгүн изилдөө зарылдыгын белгиледи. Бул шаарларда жүк ташуучу транспортту азайтып, аймактарга кошумча инвестиция тартууга шарт түзөт.

Поезддердин кагылышуусуна жол бербөө үчүн президент бардык авто жана темир жол өтмөктөрүн көзөмөлгө алууну, жол белгилерин, тосмолорду жана видеокөзөмөл камераларын орнотууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий