• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн-эртең Улуттук кардиология борборунда Ачык эшик күнү өтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында ушул жылдын 27-28-сентябрь күндөрү "Ар бир жүрөк маанилүү" урааны астында Ачык эшик күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаар тургундары саат 10:00дөн 15:30га чейин келип, дарыгерлердин көзөлөмүнөн өтө алат. Иш-чара жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган.

Сурап-билүү телефону: 0507005470 — Эркебуланова Бактыгүл Шаршеевна.


Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү — бул саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык кампания. Анын негизги максаты — жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары, ошондой эле алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.

Бул күндөрү ар бир адам өз ден соолугу боюнча текшерүүдөн өтө алат, ал төмөнкү параметрлерди баалоону камтыйт: тамеки чегүү, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, дене массасынын индексин баалоо, кан басымын, кандагы жалпы холестеринди жана кантты өлчөө.

Пикир

Оставить комментарий