• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунун башчысы Сүлүктү шаарынын эли менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Сүлүктү шаарынын эли менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун журушундо алгач Сүлүктү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Б.Ташов шаардын социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктери боюнча маалымат берип өттү.

Андан соң өкүл КР президентинин койгон тапшырмалары тууралуу шаар тургундарына айтып, облус аймагындагы бир катар көрүлүп жаткан аракеттер жөнүндө сөз кылып, алдыдагы пландар менен жергиликтүүлөрдү тааныштырды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар Сүлүктү шаарындагы бир канча чечилбей келе жаткан социалдык маселелерди айтып, облус башчысынын жеке көзөмөлүнө алып, маселелердин ыкчам чечилүүсүнө жардам берүүсүн суранды.

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жеринде облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип, ар бир коюлган тапшырма так жана ыкчам чечилип, эл арасында көйгөйлөр жаралбашы керектигин баса белгиледи.

Сүлүктү эли менен болгон жолугушуунун соңунда Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүчүнө кошкон зор салымдары жана кызматтык милдеттерин мыкты аткарып, жетишкен ийгиликтери үчүн Сүлүктү шаарынын бир катар жетекчилери жана жеке ишкерлери сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий