• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте быйылкы жылдын эсебинен биринчи веложүрүш өттү

Спорт 0

Бишкек, 04.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарында активдүү жашоо образын жактырган шаардыктар үчүн веложүрүш өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, веложүрүшкө мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да катышты.

"Адинай" сейил багынын түндүк тарабынан башталган жүрүш Ч.Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнө чейин, ал жерден чыгышка бет алып, Токомбаев жана Жетикашаева көчөсүнө жетти.

Андан кийин веложүруштүн катышуучулары "Ден соолук" сейил багына кайтып келишти. Жолдун узундугу 10 чакырымдан бир аз ашыгыраак болду.

"Жарыштын бардык катышуучулары көптөгөн жакшы эмоцияларды алышты", - деп айтылат маалыматта.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн 1,5-2 метр аралык сакталып, аларды милиция жана тез жардам кызматы коштоп жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий