• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия оюндары: Назым Нурланов карате-до боюнча мелдеште коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда кыргызстандык спортчу Назым Нурланов Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарынын алкагында карате-до боюнча 75 кг салмак даражасында коло байгеге ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Назим Нурланов алгач Комбоджиялык атаандашын 3:0 эсебинде жеңген. Ал эми экинчи беттешинде Казакстандык спортчуга жеңилип, бирок атаандашы финалга чыккандыктан Непалдык спортчу менен жубатуучу беттешке чыгып 2:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми коло байге үчүн күрөштө Малайзиялык атаандашын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, 3-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий