• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстандын ММА уюмунун мушкери Грозныйда өткөн турнирден кийин көз жумду

Спорт 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Өзбекстандын ММА уюмунун мушкери Бекзод Нурматов Грозныйда өткөн АСА (Absolute Championship Akhmat) 100 турниринен кийин көз жумду. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Турнир 4-октябрда Россиянын Грозный шаарында болуп, Нурматов россиялык Беслан Исаевге утулуп калган. Өзбекстандык мушкер беттештен кийин инсульт дарты менен ооруканага жеткирилген. Бирок, дарыгерлер Нурматовго жардам көрсөтө алышкан эмес.

Бекзод Нурматов профессионалдык карьерасын 2016-жылы баштаган. Анын куржунунда уруш өнөрү боюнча Дүйнө чемпиону жана Дүйнө кубогу бар. Өзүнүн карьерасында 13 беттеш өткөрүп, он биринде жеңишке жетсе, эки таймашта утулуп калган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков аталган турниринде россиялык Дуквах Астамировду жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий