• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.08.21./Кабар/. Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана сиздин элди бир тууган Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, эң жакшы каалоолорумду жолдойм.

Биздин достук мамиленин, жалпы тарыхый тамырга жана улуттук-руханий баалуулуктарга негизделген эки тараптуу жана көр тараптуу кызматташтыктын бүгүнкү деңгээли кубандырат.

Биздин боордош элдерибиздин эркине негизделген мамлекет аралык мамилелерибиз мындан ары да бир бирин урматтоо жана ишеним духунда өнүгүп, биздин биргелешкен ишмердүүлүктүн бекем негизи болот деп ишенем.

Дагы бир жолу Сизди бул олуттуу күн менен куттуктайм жана боордош Кыргыз Республикасына гүлдөп өнүгүү жана тынчтык каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий