• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базар-коргондук келин үч баласы менен дайынсыз болууда. Милиция коомчулукка кайрылды

Аймак 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жаңы-Акман айылынын тургуну 1988-жылы туулган Наргиза Абдалиева үч баласы менен (эки кыз, бир уул) дайынсыз болууда. Кыздардын улуусу 11, ортончусу 7 жашта, уулу экиге толгон.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, келин балдары менен үстүбүздөгү жылдын 28-февралында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Учурда алардын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Келиндин өзгөчө белгилери: Бою 160-165 см, ак-саргыл өңдүү, чачы кара, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Ак-саргыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Наргиза Абдалиева жана балдары тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү номерлерге чалып, кабарлап коюуну өтүнөт: 102, (03736) 5-02-61, 0224 00 00 15.

Пикир

Оставить комментарий