• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас облусунда тигүү цехи ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Талас облусунун Бекмолдо айыл аймагында тигүү цехи ачылды. Учурда ал жерде 30дай айыл тургуну иштеп жатат. Бул тууралуу "Альянс Алтын" компаниясынан билдиришти.

Ишкананы ачуу демилгеси аталган компаниясынын жетекчилиги тарабынан болгон.

"Жерүй кениндеги жумушчулардын атайын кийимдерин тигүүчү “Айко Сейко” фабрикасына жергиликтүү аймакка кийим тигүү цехин ачуу сунушталган. Демилге 1,5 жыл мурун көтөрүлгөн. Биздин компания жергиликтүү аймактын өнүгүшүнө жана тургундардын иш менен камсыз болушуна кызыктар", - деп айтылат маалыматта.

Салтанатуу ачылышка катышкан президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджети эл муктаждыгы үчүн пайдаланылып жатканын айтты.

“Бекмолдо айыл өкмөтүнө каржылык чоң колдоо бул “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан болот. Салыктар жана жергиликтүү аймакты жакшыртуу боюнча атайын которулардын эсебинен, айыл өкмөттүн казынасы толукталып турат. Айыл өкмөтү ал каражаттарга дагы бир топ иштерди аткарууда. Компаниянын каражатынын туура багытта пайдалангандыгынын натыйжасында бүгүнкүдөй соцобъектилердин ачылууда", - деди облус башчысы.

Пикир

Оставить комментарий