• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Жалал-Абад облусунда эл аралык баңгизат каналына бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда эл аралык маңзат каналы токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-январда Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылында эл аралык баңгизат каналынын ишмердүүлүгү боюнча мурда алынган ыкчам маалыматтын алкагында кыргыз жараны Ё.А.А. кармалды.

Такталгандай, кармалган жарандын үйү чек арага жакын Сафед-Булан айылында жайгашканын, ал баңги затын Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстан Республикасынан Өзбекстан Республикасына ташуу жана өткөрүү үчүн жүк ташуучу база катары колдонуп келгени аныкталды.

Кармалган жарандын үйүн тинтүүнүн натыйжасында желим баштыкка скотч менен оролгон, афган гашишинин өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 2 кг 166 граммды түзгөн эки баңги зат табылып алынган. Кармалган адам КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган баңги каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий