• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде чек арадан аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракеттерине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Баткенде чек арадан аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чек арачылар бажычылар менен биргеликте Volvo-500 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармап, анын айдоочусунда жүктү коштогон жалган электрондук документ болгондугун аныкташкан.

Жасалма коштомо баракты пайдаланып 20 жаштагы А.у.А., аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын тургуну 7 тонна анарды Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас-Достук унаажолунда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган 31 жаштагы Г.М. аттуу Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун кармашкан.

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө чек ара кезмети 3500 кг “Миф” кир жуугуч порошогун табышкан. Айдоочуда алып бараткан жүгүнө тийиштүү документтер болгон эмес.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, аткезчилик анарлардын жана кир жуугуч порошоктордун баасы болжол менен 1,5 млн сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчилик жүктөр жана кармалган жарандар андан аркы териштирүүлөр үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий