• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-майда Ош шаарындагы Т. Сатылганов атындагы сейил бакта Орто кесиптик окуу жайлардын артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы болуп өттү.

Фестивалга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү орто-кесиптик окуу жайлардын мугалимдери, студенттер, иш берүүчүлөр жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.

Ачылыш аземинде Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров сөз сүйлөп, билим алуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, келечекке карай умтулган жаштарга ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында кесиптик билим берүү окуу жайлар тарабынан көргөзмө уюштурулуп, окутуунун инновациялык технологиялары тууралуу маалыматтар берилип, иш берүүчүлөр тарабынан насаат-кеңештер айтылып, ар кандай мастер-класстар өткөрүлдү.

Фестивалга катышкан бүтүрүүчүлөр кызыктуу технологиялар, эксперименттер менен таанышты.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай сынактар, викториналар өткөрүлүп, орто окуу жайларынын студенттери тарабынан даярдалган мода көргөзмөсү жана концерттик программа тартууланды.

Иш-чаранын максаты – артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясына колдоо көрсөтүү, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, фестиваль "Кесипкөй адистик - ийгиликтин башаты!" ураан астында, Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий