• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы Аксы эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Аксы районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, беш саатка созулган жыйынга райондун 300дөн ашуун тургундары катышты. Анда басымдуу аймактагы жол көйгөйү көтөрүлдү.

Кербен шаарындагы 9 чакырымга созулган айланма жолдун долбоору 2017-жылы түзүлүп, курулушу башталган. Республикалык казынадан 5 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнүп, жолдун 3 чакырым жер кыртышын даярдоо иштери аткарылган. Ошол боюнча курулуш иштери токтоп турат. Долбоордун сметалык баасы 561 миллион сомду түзөт.

Облус өкүлү Абсаттар Сыргабаев айланма жолду мамлекеттин эсебинен эмес, ошол тоо-кен ишканалардын каражаты менен курулаарын айтты. Учурда компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди

Жолугушууда чек арадан мал-жандыктардын аткезчилик жол аркылуу өткөрүлүп жаткандыгы боюнча маселе көтөрүлдү. Облус башчысы малды чек арадан мыйзамдуу өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасына сунуш берилгенин, учурда каралып жатканын кошумчалады.

Аксы району туризм боюнча дарамети чоң аймак. Кара-Жыгач - Сары-Челек жолун баштан-аяк асфальттоо маселесин көтөрүштү.

Абсаттар Сыргабаев Аксы району боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу 270 чакырым жол бар экенин, быйыл 20 чакырым жолду асфальттоо титулдук планга киргизилгенин айтты.

Президенттин өкүлү менен болгон жолугушууда эл таза суу, мектеп, жерлерди трансформациялоо, жайыт талашы сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Айтылган ар бир маселе протоколго түшүрүлүп, облус башчысы чечүү жолдору боюнча иш алып барыла турганын билдирди. Жергиликтүү мааниде чечилбеген орчундуу көйгөйлөр жогорку органдарга жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий